№39 автобустун катышуусундагы кырсык боюнча мэрия маалымат берди
25-ноябрда эртең менен Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамдагы автобус токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүп, төрт жүргүнчү жабыркады. Алар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
2026-жылдын 25-ноябрында саат 07:20 чамасында Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Алдын ала маалымат боюнча, «Zhongtong» үлгүсүндөгү автобусту Э. У. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан.
Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн. Натыйжада аталган тилкеде токтоп турган жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.
Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн баардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган.
Жүк ташуучу унаада эч кандай айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын аталган тилкеде токтоп турган себеби азырынча белгисиз.
Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.