1-класска окуучуларды электрондук каттоо апрелде башталат

31-январь, 2023-ж. / Редакция / Билим 45

Кыргызстанда 1-класска окуучуларды электрондук каттоо 10-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, «Мектепке электрондук кабыл алуу» https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында жүргүзүлөт.

10-апрелден баштап каттоонун 1-этабы, каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлөт. Ал эми 2-этабы болжолдуу июль айында болот. Анда каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

31-январь, 2023-ж. / Редакция / Билим 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X