1-класстын окуучулары 14-февралдан тарта каникулга чыгышат
Бул Бишкек шаарындагы мектептердин 1- классынын окуучуларына гана тиешелүү чечим экендигин мэриядан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, эс алуу бир жумага созулуп, 21-февралдан тарта балдар сабакка кайтышат.
Эскерте кетсек, өлкөнүн айрым аймактарында кечээ, 7-февралда 1-класстын окуучулары каникулга чыгышкан. Бардык мектеп окуучулары үчүн жазгы каникул 2022-жылдын 21-30-март күндөрүнө белгиленген.