1-майдан тарта Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылынбайт

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

1-майдан тарта Кыргызстанга кирүүдө ПЦР-тест талап кылынбайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун Кыргызстанда жайылышына каршы күрөшүү ыкчам штабынын жыйынын өткөрүп, чогулуштун жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 1-майдан тарта өлкө аймагына келген кыргызстандыктар менен чет элдик жарандардан ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты талап кылуу эрежесин жоюу тапшырылган.

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X