1-марттан тарта Бишкек-Кербен каттамы ишке кирет
Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып “Асман” авиакомпаниясы Бишкек-Кербен каттамын ачат. Каттам ар ишемби күнү аткарылат. Билетти asmanairlines.kg тиркемесинен сатып алууга болот.