"Эркин-Тоо"

100дөн ашык көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз. Алардын тагдыры кандай болот?

Кыргызстандан 100дөн ашык көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, учурда мындай объектилер легалдаштыруу процессинен өтүп жатат. Тактап айтканда, ведомство аларды текшерип, экспертиза жүргүзүп, бирдиктүү реестрге киргизет. Өткөн жылы 16 объект мыйзамдаштырылган. Бул жатта иштер быйыл дагы уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!