106 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды
Жайыл районунда баасы дээрлик 106 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндөгү социалдык объект (автобаза) жер тилкеси менен биргеликте мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн аталган социалдык объект толугу менен мамлекетке кайтарылды. Кайтарылган объекттин базар баасы 105,9 млн сомду түзөт.