11-12-май күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

10-май, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 43

Бүгүн, 10-майда күндүз жана 11-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

10-14-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүү коркунучу бар.

10-май, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X