11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 11-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22…27 градус, Таласта 21…26, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17…22 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 25…30 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 25…27 градуска чейин жетет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X