12-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38

Эртең, 12-апрелде борбор калаанын борбордук бөлүгүндө суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу эртең, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда суу берүү убактылуу токтотулат.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X