12 жана 13 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен шектүү кармалды
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районунда эки жөө адамды сүзүп кеткен шектүү кармалды.
Жол кырсыгы өткөн түнү Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен 13 жана 12 жаштагы эки өспүрүм жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы айдоочу кармалды.
Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан соң автоунаа айып короого киргизилет. Тергөө иштери уланууда.