1200 мектепке 24 миңден ашуун компьютер берилет

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 37

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир мектепке берилүүчү компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна  20 компьютер, 6 проектор, 2 тармактык коммутатор (хаб),  функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы) кирет.

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) , UPS  жана тийиштүү эмеректер (15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен текче) жөнөтүлөт.

Мектептердин технологиялык муктаждыгын толуктоо аркылуу, окуучулардын заманбап, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Ошондуктан окутууну технологиялар аркылуу колдоо багыты аркылуу математика жана табигый так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы окуу материалдары даярдалат. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Учурда тендер жарыяланып, сатып алуу процессине байланыштуу, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө. 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге техникалык жабдыктарды 2022-жылдын октябрь айында тапшыруу пландалууда.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X