15-май — Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү (ФОТО)

Жыл сайын 15-майда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. 1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер
органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 57
кызматкер, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы 144
кызматкери кызмат учурунда курман болгон.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, бүгүн 15-майда, кызмат өтөө учурунда курман болгондорду эскерүү иш-чаралары  республика боюнча ИИМдин аймактык
бөлүктөрүндө өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, өздүк курамы, ардагерлери жана курман болгон аскер кызматкерлердин туугандары катышышты. Иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аймагында подполковник Ибрагим Кулбаев менен улук сержант Рашид Юнусовду эскеришти.

Митингдин катышуучулары “Баатырлар аллеясында” курман болгондордун эстеликтерине гул чамбар коюшуп, аларды минуталык жымжырт кармап сый көрсөтүү менен эскеришти. Катышуучуларга Ички аскерлеринин Колбашчысы, ардагерлери жана курман болгон аскер кызматкерлеринин туугандары чыгып сөз сүйлөп, аскердик милдеттерин аткарууда өз өмүрлөрүн берген баатырлардын эрдиктери даңазаланды.

Ушундай эле иш-чара Ош облустук ички иштер башкармалыгында өткөрүлдү.
Иш-чарага чакырылган кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов кѳңүл айтып сѳз сүйлѳдү:
«Кыргыз Республикабыз өз эгемендүүлүгүн, өз саясий багытын алып, жаңы өлкө түзүлүп жатканда, ар кандай мыйзам бузуучулук, эл аралык террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, криминалдык чөйрөлөр менен күрөшүүдө Кыргыз милициясынын кызматкерлеринин эмгектери эбегейсиз зор. Алар мамлекетибиздин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз жандарын аябады. Совет мезгилинде оор сыноолорду, Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу күндөрүн, Ооган согушун, Баткен окуясын жана 2010-жылдын апрель, июнь айындагы каргашалуу күндөрүн башынан кечирүү менен Кыргыз милициясынын күжүрмөн кызматкерлери өздөрүнүн тайманбас эрдиктерин көрсөтүшүп, мезгилдин сынагынан өттү. Эгемендүүлүк алганыбыздан тартып, азыркы мезгилге чейин Ош облустук ИИБнын катарынан 12 кызматкер, кызмат учурунда каза болгон.
Алардын катарында: Милициянын полковниги Алиев Уран Маматканович, милициянын полковниги Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын полковниги Омурзаков Маматали Абдылдаевич, милициянын полковниги Маралов ЖумабекТурсумаматович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурлан Жанышович, Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Шамурзаев Уран Жумаевич жана башка эр жүрөк кызматкерлер. Алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга көрсөтүлүп, ысымдары өздөрү туулган айылдын мектебине, өздөрү кызмат өтөгөн ички иштер бөлүмдөрүнө, көчөлөргө ыйгарылып, жыл сайын алардын жаркын элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлүп келүүдө. Алардын ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, Алар ар дайым элинин жүрѳгүндѳ! Алардын эрдигине баш ийип таазим этебиз. Алар ар дайым биз менен!”.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X