16-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 16-февралда Талас менен Баткенден тышкаркы аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3…+2, Ысык-Көл, Чүй, Талас аймактарында -2…-7, Нарын жергесинде -5…-10 градус суук болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Бишкекте  -2…-4, Ошто 0…+2 градуска чейин жетет.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X