174 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоосу жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылга карата буйругунун бекитилген тизмегине ылайык, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 174 социалдык объекттердин курулушунун каржылоосу каралган, анын ичинен:

  • 92 курулуш объектисине;
  • 24 ичүүчү суу менен камсыздоо объектисине;
  • 29 капиталдык өндоп-түзөө объектисине;
  • Бирдиктүү депозиттик счеттук эсебинен каржылануучу 15 объектке;
  • 6 Юстиция министрлигинин объекттерине;
  • Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдын кесепетинен жабыркаган 8 социалдык объектке.

Региондук мааниси боюнча, 92 социалдык объекттерди ичинен 11 — Чүй облусунда, 12 – Баткен облусунда, 15 –Жалал-Абад облусунда, 14 — Ысык-Көл облусунда, 7 — Нарын облусунда, 28 — Ош облусунда жана Талас облусунда —                          5 объект.

Ошондой эле тармактар боюнча 63 — мектептин жана мектептердин спорттук залы, 13 бала бакча, 7 саламаттык сактоо объекттери, 3 — маданият объекттиси,                    2 — спорт комплекси, 2 – объекттин кредитордук карызын жоюу жана 1 башка объект боюнча курулуш иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан 2021-жылга карата 1 млрд. 852 млн 200 миң сом акча каражаты каралып, анын ичинен 763 млн 100 миң сомго каржылоо ачылды.

27-май, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом / #курулуш / #социалдык объекттер 2690
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X