20 миң жаранга келишим менен 100 миң сомдон берүү пландалууда

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

“Социалдык келишим” долбоору быйыл да уланып, 20 миң жаран менен келишим түзүлөт жана алардын баарына 100 миң сомдон берүү пландалууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Улан Айбек уулу билдирди. Анын айтымында, келишим түзүлгөн жарандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Алсак, 2022-жылы 2 миң 800, 2023-жылы 10 миң, 2024- жылы 23 миң жаран менен келишим түзүлдү. “Ишкерликти баштаган жарандар бири-бирине үлгү болуп жатышат. Ийгиликтүү иштеп жаткан жарандарыбызды көрүп, келишим түзүп жаткандардын саны өсүп жатат. Буга чейин 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат алгандардын 70 пайызы мал чарба жана дыйканчылык менен алектенүүдө. Калгандары негизинен тигүүчүлүк, соода-сатык, кызмат көрсөтүү тармагында иштеп, кирешесин көбөйтүүдө. Ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомго чейин пайызсыз насыялар берилип жатат. Былтыр жалпы 105 жаран пайызсыз насыя алган”,-деди ал.

29-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X