2020-жылы өлкөдө 158 миңге жакын аял эне болгон

Алардын жашы 15-55 жашка чейин болгонун Улуттук Статистикалык комитет билдирди. 2020-жылы төрөгөндөрдүн 27 пайызы тун балалуу болсо, 35 пайызы экинчи жолу кыздуу же уулдуу болгондор жана ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X