Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-декабрда өкмөттүн жыйынын өткөрүп жатып айтты.
«Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул жетишкендиктердин бардыгы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун акылман жетекчилигинин аркасында, анын жеңилбес эрки, тынымсыз аракети жана ишенимдүү стратегиялык чечимдеринин аркасында ишке ашты. Президенттин элдин бакубаттуулугуна багытталган саясаты Кыргызстанды жаңы тепкичке алып чыкты», — деди Касымалиев.