21-март — Даун синдрому бар адамдардын дүйнөлүк күнү

22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 43

Бул дата кокустан тандалып алынган эмес, анткени ар бир адамда 23 жуп хромосома бар, ал эми Даун синдрому бар адамдарда үч 21 хромосома бар. Бул жерден символикалуу дата – 21 күн 3 ай.
Дүйнө жүзүндө ар бир 800-1000 бала Даун синдрому менен төрөлөт. (Медициналык багыт – Трисомия 21). Бул – өзгөчө генетикалык абал, мындан баланын өнүгүшүндө жана ден соолугунда айрым өзгөчөлүктөр болот. Синдром адамдын хромосомалык топтомунун өнүгүшүн шарттайт, ал оору болуп саналбайт жана адамга жагымсыздык жаратпайт.

Кыргызстанда жыл сайын бул диагноз менен 100–150 жакын төрөлөт деп эсептөөгө болот. Даун синдрому менен төрлгөн адамдар – окууга, иштөөгө, үй-бүлө курууга жөндөмдүү социумдун активдүү мүчөлөрү.
Трисомия 21 менен төрөлгөн балдарды эрте колдоо жана педагогикалык коштоого алуу абдан маанилүү, үй-бүлө үчүн өзгөчө биринчи кезекте психологиялык жана маалыматтык жардам өтө маанилүү. Булар менен «Луч добра» ата-энелер биримдиги алектенет, анын миссиясы Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул биримдиктин колдоо программасында Даун синдрому бар балдарды тарбиялаган 200 үй-бүлө катышат.

Ар бир адам 21-мартка карата өткөрүлүүчү дүйнөлүк «Lot of socks» флешмобуна катышуу менен маалыматтык ишке өз салымын кошо алат. Флешмобдун маңызы: өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн ар түрдүү жуптагы ачык байпактарды кийүү же шарфтын ордуна ачык байпакты оронуу, бул тууралуу кызыккандардын баарына айтып берүү. Эмне үчүн байпак? Анткени, 21 хромосома эки байпакты эске салуучу «Х» тамгасынын формасына ээ.

22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X