21-январдан тарта күн сууктайт

20-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-январда күндүн көзү бузулуп, 23-январда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы төмөндөп, кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
23-январда жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүйдө — түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус;

Таласта — түнкүсүн -14…-19, күндүз -6…-11 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде — түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус;

Ысык-Көлдө — түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус;

Нарын облусунда — түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус;

тоолуу райондордо — түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус;

Суусамыр өрөөнүндө — түнкүсүн -31…-36, күндүз -15…-20 градус суук болот.

20-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X