21-январга карата аба ырайы

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 138

Кыргызгидромет кабарлагандай, 21-январда тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5°;

  • Суусамыр өрөөнүндө: түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15°;

  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…+2°;

  • Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°;

  • Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө: түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°;

  • Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…+4°;

  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11° болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз 0…-2° болот.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X