24-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 24-февралда, күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +8…+13,Таласта 7…+12 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын облусунда 0…+5 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын табы +10…+15 градуска чейин жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.