25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 25-февралда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы айрым райондордо жаан, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5;

Бишкекте 25-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +11…+13 градус болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X