25-майда көңүл ачуучу иш-чаралар болбошу керек!

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 11-майда чыгарган  буйругу менен, эртең 25-майда «Акыркы коңгуроо» аземин онлайн форматта өткөрүп, ар кандай көңүл ачууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.  Аймактардагы орун алган бардык билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө, эс алуучу жайларда, калктуу аймактан сырткаркы жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, ар кандай кырсыктарга, укук бузууларга, топтошуп мушташууларга жол бербөө жана жол кырсыктардын алдын алуу максатында облустук ички иштер башкармалыктары тарабынан комплекстүү иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгын министрликтин басма сөз кызматы баса белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X