26-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 26-мартта Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Ал эми кар көчкү дээрлик бардык тоолуу автоунаа жолдоруна түшүүсү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Нарын, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20°.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13°.