31-январга карата аба ырайы

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 141

Эртең, 31-январда, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым аймактарда туман түшүп, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй жана Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6 градус болсо, күндүз 3…8 градуска чейин жылыйт. Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында да күндүз абанын температурасы 3…8 градус болот. Нарынды түнкүсүн -18…-23 суук, күндүз -1…-6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +5…+7 градус болот.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X