Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары келишти

Бишкек шаарында 3-8-март күндөрү өтө турган 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн борбор калаага Иран, Малайзия жана Кувейттин курама командалары келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чарага Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов да катышат.

Белгилей кетсек,  чемпионатка Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргызстандын командалары катышат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X