32 объект мыйзамсыз менчиктештирилген
Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоо объекттерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү факысын аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, Базар-Коргон жана Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан 32 административдик имаратты жана 5 жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады.
Бул мүлктөр коммерциялык максаттарда — медициналык борборлор, дарыканалар, тез тамактануучу жай катары колдонулган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында көрсөтүлгөн объектилер жана жер участоктору мамлекеттин менчигине кайтарылды.