4,3 млн сомго бааланган жер тилке кайрадан мектепке берилди
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.