ИШ-ЖУМА / №5 2023-жылдын 24-январы

АЭРОПОРТТОРДУН АЙМАГЫ КЕҢЕЙҮҮДӨ

Президент Садыр Жапаров 20-январда Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты.

«Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албагандыктан, аэропорттун аймагын кеңейтүү ишчаралары жүргүзүлүүдө. Келечекте бул жерде «Тамчы» эркин экономикалык аймагы түзүлүп, «Каракол» жана «Балыкчы» ЭЭАлары жоюлат. Бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат.

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоо боюнча иштерди күчөтүүнү, алар бардык эл аралык жарандык авиация талаптарына жооп бериши керектигин белгиледи.

Андан сырткары «ЫсыкКөл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет. Учурда «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтеринин оңдоокалыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.


Татыктуу жолду басып өтүштү

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду Беларусь менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Достуктун жана сыйурматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.


КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮШҮНӨ ЭБЕГЕЙСИЗ САЛЫМ КОШУП КЕЛЕ ЖАТЫШАТ

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеранда (Иран Ислам Республикасы) илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинде: «Кыргызстанда аялдар – өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары. Аялдардын ийгиликтүү экономикалык ишмердүүлүгү республиканын социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканы талашсыз», — деди.

Бул чоң форум бардык аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жалпы ишке маанилүү түрткү болорун белгилеген Айгүл Жапарова, Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү үчүн жакшы диалог аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди.

Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келишкен. Алардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элибиздин руханий дөөлөттөрүнүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүнүн чыңдалышын элестетүү мүмкүн эмес экендигин белгилеп өттү.

Биринчи айым «Эне — балага тирек» коомдук фондун жетектейт. Фонд балдарга жана энелерге жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрүн коргоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Сөзүнүн аягында Конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот жана бардык өлкөкатышуучулардын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзө алат деген ишенимин билдирди.


БЮДЖЕТ 500 МЛРД СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ БЕКИТИЛДИ

Өткөн жумада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде координацияланган финансылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү — 919,4 млрд сомду, же өсүш 107%ды түзгөндүгүн билдирди.

Бул кошуна жана Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө салыштырмалуу туруктуу жана алдыңкы көрсөткүч болуп саналат.

Консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомду, же 177%ды түзсө, ошол эле учурда салыктык кирешелер 229 млрд сомго, же 100,5%га өскөн.

“Эки жылда өсүү темпи 214%ды, же номиналдык жактан салыктык кирешелер 2 эсеге көбөйдү. Тартыштык 13,5 млрд сомду түздү. Айлык, пенсия, пособиелерди көтөрүп, курулуштарга, айыл чарбасына, өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик карызды тейлөөгө олуттуу каражаттарды жумшаганыбызга карабастан, жылдын аягында 16,2 млрд сом каражатыбыз калды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 9,9 млрд сомду түзөт», — деген Акылбек Жапаров 2023-жылы республикалык бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө бекитилгендигин кошумчалады.

Тоо-кен тармагынан 48,3 млрд сом киреше кирип, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки жарым эсеге жогору болгон.

«2021-жылы «Кумтөрдөн» 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17,2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда Улуттук банктын маалыматы боюнча азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. Мындан ары ири кен байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», — деди Акылбек Жапаров.

Кеңешменин жүрүшүндө таза суу менен камсыз кылуу маселесине токтолуп, быйыл ичүүчү сууга болгон баа саясатын өзгөртүү зарылдыгын айтты. “Ичүүчү сууга болгон баанын өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди.


КЫРГЫЗСТАН ЧЕЧҮҮЧҮ РОЛДУ ОЙНОЙТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Эл аралык Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын” жыйынтыгына арналган “Экологиялык жана социалдык-экономикалык коопсуздук – тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн фактору катары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда жакынкы беш жылда Кыргыз Республикасы тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин глобалдык күн тартибин жетектерин, анын жыйынтыгы катары Бишкекте 2027-жылы өтүүчү Экинчи Тоо саммити саналаарын белгиледи. «Дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү тоолордун калыптанган жашоо образына көптөгөн олуттуу кесепеттерин, анын ичинде суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн бузулушу, флора жана фаунанын өзгөрүшү сыяктуу коркунучтарды туудурган шарттарда Кыргыз Республикасынын жетекчилиги бул маселе боюнча илимий изилдөөлөрдү мобилизациялоодо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу жана аны жумшартуу, ошондой эле тоолорду туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууда, саясий жана экономикалык ресурстарды тартууда өзүнө чечүүчү ролду алды», — деди Эдил Байсалов.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

 

 

 

Пример HTML-страницы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

error: Content is protected !!