49 жаштагы аялды сабап, сумкасын уурдай качкан жаран кармалды

14-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 47

Москва районунда 49 жаштагы аялды сабап, колундагы сумкасын уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-мартта И.А. аттуу аялды бейтааныш 20-25 жаш курактагы эркек бала күч колдонуп, баш тарабына бир нече жолу уруп, колундагы сумкасын тартып алып белгисиз тарапка качып кеткен. Анын кесепетинен 1973-жылы туулган аял ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча, Чүй облусунун жана Москва РИИБ кызматкерлеринин
ыкчам издөөсүнүн натыйжасында, кылмышка шектелип 1997-жылы туулган П.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

 

14-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X