5 айда 52 469 наристеге күбөлүк берилген

2-июнь, 2021-ж. / Редакция / Статистика 49

Ушул жылдын беш айында 52 469 туулгандыгы тууралуу күбөлүк каттоодон өткөн. Ымыркайлардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында төрөлгөнүн Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Аны менен катар жаңы төрөлгөн ымыркайларга «балага сүйүнчү» жөлөк пулу каралган. Эскерте кетсек, бул жөлөк пулду бала төрөлгөндөн кийин 6 айдын ичинде алууга болот. Сүйүнчүнүн көлөмү 4000 сомду түзөт.

2-июнь, 2021-ж. / Редакция / Статистика 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X