64 миңден ашуун адам эмделди
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянсак, Кыргызстанда 64 миңден ашуун адам коронавируска эмделди. 24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген кытайлык Sinopharm вакцинасы бүтөт. Андан соң июнда Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келээри белгилүү болду. Эске салсак, өлкөдө коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта башталган.