650 орундуу жаңы мектеп курулууда

21-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын кирпич дубалдарын тургузуу жана чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле электр чубалгыларын монтаждоо иштери аткарылууда. Окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, тиш дарылоочу бөлмө, балдар үчүн устакана, жыйындар залы каралган.

21-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X