7-июнда 13 шаардын мэрлери шайланат

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды. Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 2021-жылдын 7-июнуна белгиленди.

Мэрлерди адаттагыдай жергиликтүү кеңештердин депутаттары сессия чакырып шайлашат.

Эске салсак, 2021-жылдын 11-апрелинде өлкөдө 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн болчу. Нааразылыктардан жана түшкөн арыздардын негизинде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X