8-кабаттан адам кулап, каза болду
Бишкекте курулуп жаткан объектеги 8-кабаттан адам кулап, каза болду. Бул тууралуу Октябрь районунун милициясы билдирди. Окуя 8-февралда болгон. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Милиция кызматкерлери маркум 1983-жылы туулган Н.С. аттуу жаран болгонун аныкташкан.
Мамлекеттик курулуш агенттиги маркум Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Аалам Стройдун» объектисинен кулаганын билдиришкен.