8 мектеп карантинге жабылды
Карантинге жабылган 8 мектеп Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, вирус жуккан окуучулар аныкталган жалпы 28 мектептин 49 классы онлайн окууга өткөн. Бүгүнкү күндө салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталган.