800 мектеп ысык тамак менен камсыз болот
Кыргызстанда 2022-жылы жалпы 800 мектеп ысык тамак менен камсыз болот. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк программасынын «Мектептерде ысык тамак уюштуруу» долбоорунун адиси Жыпар Эргешбаева билдирген.
«БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстанда окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо долбоорунун башкы донору Россия Федерациясы болуп эсептелинет. Өлкөгө ал жактан 2017-жылдан бери 20 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн. Мындан сырткары, тамак-аш боюнча жардам көрсөткөн мектептерге техникалык жана маалыматтык жактан колдоо көрсөтүп турабыз. Узак мөөнөттүү долбоордун алкагында ушул жылдын соңуна чейин ысык тамак менен дагы 50 мектепти камсыз кылууну максат кылдык, жалпы ошондо 800 мектепте берилген болот. Долбоор кийинки жылдары дагы улантылат», — деди Эргешбаева.