9-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 9-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 4…+1 градус, Ысык-Көлдө күндүз -2…+3 градус, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 1…6 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы 0…2 градуска жетет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X