Руслан Казакбаев Тажикстанда өтө турган ЖККУ кеңешине катышат
Тышкы иштер министр Руслан Казакбаев эртең, 19-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кеңешине катышат. Маалым болгондой, жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери келишет.
ЖККУнун жыйынында эл аралык маселелер, региондордогу кырдаалдар, ЖККУнун алкагында тышкы саясат байланышын күчөтүү тууралуу талкуу жүрөт.
Эске салсак, ЖККУ 1992-жылы «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу» максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.