"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Маанилүү

Ашууларга кар жаап жатат (видео)

Транспорт министрлиги кабарлагандай, Кыргызстандагы аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

29-октябрга саат 09:30га карата:

  • Бишкек-Ош жолу: Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

  • Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу: бардык унаалар үчүн убактылуу жабык.

Учурда №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик жол эрежесин так сактоону, каршы тилкеге чыкпоону, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну эскертти.