Ысык-Көлдө 66 кайра иштетүүчү ишкана жана 6 логистикалык борбор ачылат

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 55

Айыл чарба министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга жеткирүүнү максат кылууда. Бул үчүн өлкө боюнча 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү пландалууда. Анын алкагында Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана ачылат. Алар буудай, жашылча-жемиш, сүт, эт, жүн, май жана тоют сыяктуу продукцияларды кайра иштетүүгө багытталат.

Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:
* Ысык-Көл району – 1 СЛБ, 20 кайра иштетүүчү ишкана;
* Ак-Суу району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
* Жети-Өгүз району – 2 СЛБ, 15 кайра иштетүүчү ишкана;
* Тоң району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
* Түп району – 8 кайра иштетүүчу ишкана;
* Балыкчы шаары – 1 СЛБ, 3 кайра иштетүүчү ишкана;
* Каракол шаары: 8 кайра иштетүүчу ишкана.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер айыл чарба продукциясын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын агроөнөр жай мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Долбоорлор жергиликтүү бийлик менен биргеликте ишке ашырылат.

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X