Курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы электрондук картада көрсөтүлөт

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 54

Айыл чарба министрлиги Курултайда көтөрүлгөн суроо-талаптардын жана сунуштардын аткарылышын көрсөткөн электрондук кырдаалдык картаны тааныштырды.

Маалыматка ылайык, система Курултай учурунда министрликке келип түшкөн сунуштарды камтыйт жана иштердин аткарылышы баскыч-баскыч менен онлайн көрсөтүлүп турат. Маалыматтык системага бардык адамдар эркин кире алышпайт, анткени ар бир колдонуучуга (Курултайдын делегаттарына) өзүнө тиешелүү жеке логин жана пароль берилет.

Белгиленгендей, Курултайдын жыйынтыгында эң көп суроо-талаптар дал ушул министрликке келип түшкөн. 2025-жылга карата делегаттардан келген сунуштардын негизинде 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара же 12 пайызы аткарылган, 360 иш-чара же 88 пайызы аткарылуу баскычында, аткарылбаган иш-чаралар жок.

Кайрылуулардын 60 пайызы ирригация, 23 пайызы ичүүчү таза суу маселелерине тиешелүү.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги Министрлер Кабинетинин түзүмүндө Курултай боюнча электрондук маалыматтык системаны иштеп чыккан жалгыз министрлик болуп саналат жана ал министрликке караштуу «Агросмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыкты.

18-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X