Бүгүн, 2-декабрда, Дубай шаарында өтө турган Азиялык жаштар пара оюндарына катышкан улуттук курама команданы узатуу аземи өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Аземдин жүрүшүндө пара пауэрлифтинг боюнча спортчу Азизбек Нарбаевге Кыргызстандын мамлекеттик туусу тапшырылды.
7–14-декабрь күндөрү өтө турган оюндарга Кыргызстандан 40 адамдан турган делегация барат. Анын ичинен 20 спортчу сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча боюнча күч сынашат.

