Президент Конституциялык сотко өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушту жөнөттү

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70

Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу Президенттин сунуштамасы келип түштү.

Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Тиркелген материалдарда белгиленгендей, мындай демилге акыркы жылдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган өзгөчө оор кылмыштардын көбөйүшүнө жооп катары сунушталууда. Өкмөт бул кадам аркылуу алардын конституциялык жана укуктук жактан корголушун күчөтүүнү көздөйт.

Президент Конституциянын 116-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, аталган мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү өтүнүчүн жөнөткөн.

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X