Ош шаардык мэриясы маалымдагандай, Мирланбек Казыбай уулу Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Мирланбек Казыбай уулу аталган кызматка дайындалганга чейин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Шаардык администрацияда башкы адис, ички аудитор жана шаар курулушу жана муниципалдык менчик департаментинин башчысы болуп эмгектенген.

