"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Пакистанга барат

Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, өлкө башчысы Садыр Жапаров 3-4-декабрда Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен барат.

Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын айтымында, Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Пакистан Ислам Республикасына акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон.