"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Адылбек Касымалиев кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 3-декабрь – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Жыл сайын 3-декабрда дүйнөлүк коомчулук менен бирге өзгөчө муктаждыгы бар адамдардын укуктарын жана алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусун камсыз кылууга багытталган иштердин күнүн белгилеп келебиз.

Бул адамдарга болгон кайрымдуулук, боорукердик элибиздин цивилизациялык жана маданий деңгээлинин көрсөткүчү. Мындай мамиле ар бир жарандын жүрөгүндө болууга тийиш жана мамлекеттик деңгээлде өзүнчө саясатты, конкреттүү экономикалык, социалдык аракеттерди талап кылат.

Республика боюнча 221 миң адам майыптыгы менен жашап, алардын 37 миңден көбү балдар болуп, кийинки кезде олуттуу мамлекеттик масштабдагы маселеге айланган. Кырдаалды жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүп жөлөк пулдарды берүү менен чектелбестен толук кандуу билим алуу, кесиптик даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр, реабилитация жана абилитация, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана эмгек рыногунда кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү милдеттери дагы каралууда.

Ошону менен бирге майып болуунун себептерине көңүл бурулуп, автокырсыктардын жана башка кырсыктардын алдын алуу, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугуна кам көрүп, оору-сыркоолорду ырбатып жибербей айыктыруу боюнча иштер болуп жатат.

Индустрия доорунда жана андан кийинки технотрон доорунда ар кандай иштерде басым кара күчкө эмес, интеллектке басым болгонуна байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Өзгөчө санариптештирүү бул иште өзгөчө таасирин тийгизүүдө. Бир жагынан билим алууга шарт түзгөн интернет каналдар пайда болуп, экинчи жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да ыңгайлуу жумуш орундары түзүлүп жатат.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, жарандык коом, социалдык кызматтар жана ыктыярчылар биргеликте реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, билим берүү мекемелеринин жана коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, санариптик платформалардын инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары майыптыгы бар жарандардын коомдун толук кандуу мүчөсү болуусуна шарт түзүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Элибиздин боорукердик, камкордук жана бири-бирине таяныч болуу сыяктуу асыл сапаттары ар дайым биздин күчтүү жактарыбыздын бири болуп келген. Өзгөчө муктаждыгы бар жарандарыбызды колдоо боюнча аракеттерди улантуу биздин жалпы коомдун милдети. Мамлекет бул багыттагы саясатын мындан ары да үзгүлтүксүз жана системалуу жүргүзө берет.

Өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана адамдарды колдоп, алардын ден соолугу, билим алуусу жана келечеги үчүн тынымсыз эмгектенип келген ата-энелерге жана жакындарына, алардын катарында социалдык кызматкерлерге, дарыгерлерге, педагогдорго жана ыктыярчыларга ыраазычылыгымды билдирем.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, туруктуулук, бакубатчылык жана бекем эрк каалайм. Өлкөбүздүн ар бир жараны өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашыра алган коомду куруу – биздин бирдиктүү максатыбыз.»