Биз төмөндө кыргыз кинорежиссёрлорунун ичинен эл аралык “А” класстагы кинофестивалдын баш байгесин эң биринчи болуп утуп алган белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаровдун кесиптеши Бегалы Наргозунун “Жылкычы чымчык” (“Горная трясогузка”) фильми тууралуу пикирин жарыялайбыз.
Кандай гана чыгарма болбосун, анын баалуулугу — көтөргөн темасы менен аныкталат. Теманын тереңдиги болсо автордун интеллектуалдык деңгээлине жана дүйнөнү аңдап-түшүнүүсүнө байланыштуу. Айрым чыгармалар формасы жагынан мыкты болгону менен, баналдуу (жөнөкөй) темасы окурманды же көрүүчүнү терең ойлонто албайт.
Кыргыз адабиятында жана киносунда көбүнчө улуттук же айылдык чектен чыга албаган чыгармалар көп. Алар жалпы адамзаттык көйгөйгө кайрылбай, бир элдин ички дүйнөсүн гана сүрөттөп, башка маданият өкүлдөрүнө түшүнүксүз бойдон калууда.
Бул жагынан алып караганда, бүгүнкү кыргыз адабиятында Султан Раевдин чыгармалары өзгөчө көрүнүш. Ал адамзаттын руханий жана моралдык тагдырын чагылдырган философ жазуучу катары айырмаланат.
Ал эми бүгүнкү кыргыз киноискусствосунда адабияттагы Султан Раев сыяктуу масштабдуу ой жүгүрткөн кинорежиссёрлор барбы?
Мына ошондуктан мен Бегалы Наргозунун “Жылкычы чымчык” фильмин өзгөчө кубаныч менен белгилегим келет. Бул чыгарма жөн гана кино эмес, коомдук, руханий жана экологиялык деградацияны терең иликтеген философиялык чыгармалардын бири.
Чынын айтсам, алгач мен деле Бегалы аке кино тартып жатканда скептицизм (ишенбөөчүлүк) менен карагам: “Саясатчы киного эмнеге келди? Саясатчыдан кандай кинорежиссёр чыгар экен?” деген таризде. Бирок, фильмдин сценарийин жазууга кыргыз киносунун көрүнүктүү инсандары Кубатбек Жусубалиев, Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева катышканын билгенде, бул жөнөкөй чыгарма эмес экенин түшүндүм.
“Жылкычы чымчык” киносун көргөндөн кийин шок болдум. Моюнга алыш керек, азыркы күндө кыргыз киносунда мындай масштабдуу ой жүгүрткөн кинорежиссёр жок. Буга чейин кинодо атактуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев гана ушундай масштабда ой жүгүртө алган.
Фильмдин философиялык жана экологиялык масштабы
“Жылкычы чымчык” фильми үч визуалдык деңгээлде курулган: сырт (мөңгүлөрдүн түбөлүк тазалыгы), айыл (убакыт агымы) жана шаар (индустриалдык мегаполис). Бул структура Алтындын таза дүйнөсүнүн бузулуусун жана акырында руханий башатына кайтып келишин чагылдырат.
Тасмада мөңгүлөрдүн ээриши, шаарды каптаган ыш, пайдалуу кендерди жырткычтык менен казып алуу сыяктуу экологиялык курч көйгөйлөр менен катар, адеп-ахлактык баалуулуктардын кризиси, аборт, балдарды сатуу, вебкам-сойкулук сыяктуу аярлуу социалдык маселелер ачык көрсөтүлөт. Бул проблемалар фильмдин башкы каарманы, Алтын аттуу кыздын тагдырынын фонунда системалык кризис катары чагылдырылат.
Алтындын тагдыры — адамдын табияттан ажырап, таш боор цивилизациянын курмандыгы болуп бара жатканын символдоштурат. Алтындын фильмдин финалында ак кар, көк муз баскан тоого кайтып кетиши — адамдын тазалыкка, тынчтыкка кайтуу инстинктин чагылдырган терең философиялык белги. Ал эми Мөңгү-Атанын табигый тазалыгын жана Алтындын адеп-ахлактык тазалыгын ак түс символдоштурат – фильм таптаза, ак кар баскан бийик тоолор менен башталып, апакай кар баскан тоолор менен аяктайт.
Фильмдеги жылкычы чымчыктын образы — руханий күчтүн, ички актыктын символу.
Көрүүчүлөр арасында “Жылкычы чымчык” фильми өзүнүн маани-маңызы боюнча азыр эле ар кандай талаш-тартыштарды жаратууда. Бирок бул жакшы көрүнүш – искусствонун чыныгы чыгармасы гана көрөрмандар арасында кызуу талкууга түшөт. Анан да “Жылкычы чымчык” фильминин прокаты (кинотеатрларда өткөн жана азыр Этномедиа онлайн-платформасында тынбай көрсөтулүп жатышы) жакшы жүрүп жаткандыгы да мени кубандырат. Адатта, мындай автордук фильмдерди көрүүчүлөр көп деле көрө беришпейт болчу.
Мындан сырткары, “Жылкычы чымчык” дүйнөлүк кино аянтчаларында жогору бааланып, эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарды жеңип алганы – анын чыныгы глобалдык деңгээлдеги чыгарма экенин айгинелейт.
Фильмдин глобалдык ийгиликтери катары Ниццадагы эл аралык кинофестивалдын башкы сыйлыгы – “Фестивалдын мыкты фильми” наамы, Франциянын Локранон шаарындагы Бретань эл аралык кинофестивалынын башкы байгеси – “Бардык категориялар боюнча эң мыкты фильм Hermine (Ак кунас) сыйлыгы, Италиянын Салерно шаарындагы 78-Эл аралык кинофестивалдын “Мыкты толук метраждуу көркөм фильм” сыйлыгы, ошондой эле Грециядагы Кимолос эл аралык кинофестивалынын “Алтын дарак” баш байгесине татыганын, бул жеңиштердин артынан режиссёр Бегалы Наргозу кийинки фестивалдын Жюри төрагасы болуп бекитилгенин жана башкаларды айтууга болот.
“Жылкычы чымчыктын” Азияда жана дегеле географиялык масштабы боюнча Гонконгдо өткөн Азия фильмдеринин эл аралык кинофестивалындагы жюринин “Ардактуу сыйлыгы” менен бааланышын. Камбоджа, Марокко жана Аргентинанын Патагониясында көрсөтүлүп, ал эми Португалиянын Азор аралдарында өткөн фестивалда кыргыз тили биринчи жолу чоң экранда жаңырып, тарыхый окуя болгонун белгилөөгө болот.
“Жылкычы чымчык” фильми жараткан илимий резонанс катары фильм көтөргөн экологиялык жана маданий көйгөйлөр АКШнын “The Revelator” илимий журналында чоң макала менен жарыяланып, эл аралык деңгээлдеги талкуу жаратканын айта алабыз.
“Жылкычы чымчык” — көрүүчүнү “Биз кайсы чекке келдик? Эми кайда баратабыз?” деген суроого жетелеген ой жаратма чыгарма.
Албетте, “Жылкычы чымчык” толук метраждуу көркөм фильми кинорежиссёр Бегалы Наргозунун дебюттук (алгачкы) фильми болгондуктан, айрым кемчиликтери да бардыр. Мисалы, мен фильмди башкача монтаждамакмын, бирок тема тандоодо, аны көркөм чагылдырууда, тасмага тартууда же фильмди монтаждоодо ар бир режиссёрдун өзүнчө стили бар экенин эске алсак, даяр фильмге эми көрүүчүлөр өздөрү баа беришсин.
“Жылкычы чымчык” фильми кыргыздын табият менен камыр-жумур жашаган нукура жашоосун жана азыркы материалдык дүйнөгө кул болгон цивилизацияны салыштырат.
Бүгүн кыргыз киносунда мындай философиялык деңгээлдеги фильмдер аз. Көпчүлүк режиссёрлор жеңил-желпи сюжетке, көбүнчө бир эркек менен аялдын ортосундагы бактысыз сүйүү сыяктуу сюжеттерге көрүүчүнүн көңүлүн убактылуу бурууга аракеттенишет. Бирок чыныгы чыгарма — адамдын жан дүйнөсүн козгоп, коомго суроо сала билген чыгарма.
Бегалы Наргозу — дал ошондой режиссёр. Анын “Жылкычы чымчыгы” — бүгүнкү доордун руханий күзгүсү, улуттук катастрофа тууралуу көркөм эскертүү жана кайра жаралууга болгон жарык үмүт катары кызмат кылган, адамдын жана жаратылыштын ортосундагы гармонияны сактоого чакырган глобалдык деңгээлдеги чыгарма.
Бул кино ар бирибизге тынчтык, тазалык жана адамдык сапат — жаратылыш менен гармонияда гана мүмкүн экенин эскертип турат.
Темир Бирназаров,
кинорежиссёр

