Ак-Талаада мал союучу жай ачылды

22-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 62

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган заманбап малды семиртип бордоо жана мал союу комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Жаңы ишкана 200 баш бодо малды (уй, жылкы) жана 1500 баш майда жандыкты (кой, эчки) багып семиртүүгө ылайыкталган. Ошондой эле комплексте күнүнө 100 баш мал союлат.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган жайдын аркасында жаңы жумуш орундары түзүлдү.

22-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Айыл чарба 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X